• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтүнүн эки жылы сүрөттөрдө

Президент 0

Бишкек, 28.01.23./Кабар/. Бүгүн, 2023-жылдын 28-январында, Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришкенине эки жылдын жүзү болду.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын февраль айынан бүгүнкү күнгө чейинки ишмердүүлүгүн чагылдырган сүрөттөрдү сунуштайт.

Сүрөттөрдүн көпчүлүгү буга чейин эч жерде жарыяланган эмес.

1. XXIV Кышкы Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылышында, «Куш уясы» стадиону Пекин ш. Кытай, 4-февраль.

2. Ишкерлерге контролдук-кассалык машиналарды колдонуу зарылдыгын түшүндүрүп берүү үчүн «Ош базары» соода-базар комплексине пландан тышкары баруусу. Бишкек, 8-февраль.

3. Президент Кыргызстанда биринчи жолу өткөн хоккей боюнча IV дивизиондогу Дүйнө чемпионатын ачып жатат. Бишкек, 3-март.

4. Судьялардын XII съездинин алдында баарлашуу. Бишкек, 4-март.

5. Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери менен жолугушуу. Бишкек, 7-март.

6. Орто-Токой суу сактагычына барганда Президент ирригациялык тармактардын 2022-жылдын сугат мезгилине даярдыгы менен таанышты. Нарын облусу, 11-март.

7. “Жашыл мурас” улуттук кампаниянын алкагында «Ала-Арча» жаратылыш паркынын аймагына ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн отургузуу. Бишкек, 12-март.

8. Ишеним грамоталарын тапшыруу аземинен кийин чет мамлекеттердин элчилери менен бейрасмий сүйлөшүү. Бишкек, 15-март.

9. Мамлекет башчы менен Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 2002-жылдагы Аксы окуяларында жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналып тургузулган эстеликке гүл коюудан кийин борбор калааны өнүктүрүү планын талкуулашууда. Борбордук “Ала-Тоо” аянтында. Бишкек, 17-март.

10. Президент Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоганга белек катары бергенге түрк тилине которулган өзүнүн "Саясаттагы 10 жыл" китебине кол тамга коюп жатат. Бишкек, 19-март.

11. Лейлек районунун аксакалдары Исфана шаарынын атын Раззаков деп өзгөртүүгө баталарын берип жатышат . Баткен облусу, 20-март.

12. Нооруз майрамында Президент Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапаров ата-бабалардын салты боюнча казан ачып, жаңы даярдалган сүмөлөктөн даам татышууда. Баткен, 21-март.

13. 2022-жылдагы Жалпы республикалык калкты жана турак жайды каттоого катышкандан кийинки үй-бүлөлүк сүрөт. Бишкек, 25-март.

14. Президент УКМКнын Чек ара кызматына бюджеттин эсебинен ири партия менен сатылып алынган «Тигр» бронетехникасынын бирин сынап жатат. Бишкек, 25-март.

15. Куралдуу күчтөрдүн Башкы командачысы Садыр Жапаров "Байрактар " учкучсуз чабуулчу учактары менен " Калкан-2022" тактикалык машыгуусуна катышкан аскер кызматкерлери менен түшкү тамактанууда. Ысык-Көл облусу, 31-март.

16. Президент Балыкчы-Кочкор жаңы темир жолунун биринчи чакырымында темир-бетон шпалга рельс орнотуууда . Ысык-Көл облусу, 31-март.

17. “Кумтөр” кенин толук көзөмөлдөө жана ээлик кылуу укугун алганын Мамлекет башчысы элге жарыялаган кайрылууну даярдоо. Бишкек, 4-апрель.

18. Министрлер Кабинети менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда «Кумтор Голд Компанинин» жетекчилиги боюнча пикир келишпестиктерди жойгон тарыхый келишимге кол коюлгандан кийинки биргелешкен сүрөт.Бишкек, 4-апрель.

19. “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде элдик Апрель революциясынын курман болгон баатырларынын элесине таазим кылды. 7-апрель

20. Президенттин Администрациясынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салуу. Бишкек, 15-апрель.

21. Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Президент Садыр Жапаровдун расмий сапарынын жыйынтыгында эстелик фотоальбомду тапшырууда. Баку, 20-апрель.

22. Футбол боюнча “Мурас” достук турниринин оюндарынын аралыгындагы жумушчу жолугушуулар. Бишкек, 4-май.

23. Кара-Кече кенинен көмүр казуу үчүн “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан сатылып алынган оор техникаларды текшерүү. Нарын облусу, 7-май.

24. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашев сыйлуу мейманды тосуп алууда. Бишкек, 9-май.

25. Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органдарынын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышына катышууда. 12-май.

26. Мамлекет башчысын №1 борттун командири Владимир Шамов тосуп алууда. Россия, 17-май.

27. Кышка даярдыкты жаздан баштоо керек. Садыр Жапаров борбор калаанын ТЭЦинин алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилине даярдыгын текшерүүдө. Бишкек, 19-май.

28. Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев расмий сүйлөшүүлөрдөн кийин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын аллеяларында. Бишкек, 26-май.

29. Мамлекет башчысы Чолпон-Ата шаарындагы реконструкциядан кийин иштей баштаган “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык комплексинде дарыланып, эс алып жаткан балдарды жана өспүрүмдөрдү балдардын майрамы менен куттуктап жатат. Ысык-Көл облусу, 1-июнь.

30. Садыр Жапаров УКМКнын окуу-машыгуу борборунда спецназдын машыгуусун көрүп жатат. 4-июнь.

31. Башкы командачы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында жарадар болгон жоокерлердин ал-жайын сурап барганында. Бишкек, 4-июнь.

32. Токтогул районунда мега - долбоор ишке кирди – “Камбар-Ата- 1” ГЭСинин курулушу башталды. Жалал-Абад облусу, 8-июнь.

33. Садыр Жапаров скрипка боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги виртуоз, түбү кыргыз Даниэл Лозакович менен жолугушуп жаткан учуру. Бишкек, 9-июнь.

34. Президент менен Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган Түркиянын Изник ​​шаарында өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктарды талкуулады. Бишкек, 15-июнь.

35. Жумушчу сапарын жыйынтыктап жатып, Президент Жапаров жолдун боюнда чогулган Нарын облусунун тургундары менен жолугушту. Нарын облусу, 25-июнь.

36. Президент Баткен шаарына Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-дарылоо комплексинин имаратынын курулушуна капсула салуу аземине учуп жатат. 28-июнь.

37. Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясынын жыйынтыктоочу жыйынына жөнөп баратат. Бишкек, 30-июнь.

38. Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна учуп баратканда жумуш учурунда. 1-июль.

39. Чолпон-Атадагы Төртүнчү Консультативдик жолугушуунун алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин бейформал сүйлөшүүсү. Ысык-Көл облусу, 21-июль.

40. Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин. Чолпон-Ата, 21-июль.

41. Чоң атасы менен небереси.

42. Мамлекет башчысы Кыргызстандын Баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына жана Кыргыз ССРинин Эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгына арналган салтанаттын катышуучулары менен жылуу учурашууда. Каркыра, Ысык-Көл облусу, 23-июль.

43. Президент Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы атайын техникалардын катарында тапшырылган Airbus H-125 тик учагынын бортунда. Чүй облусу, 13-август.

44. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин төрагасы Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды. Чолпон-Ата, 25-август.

45. Достук жеңди! Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгына карата Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол ардагерлеринин курама командасы менен КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлер курама командасынын ортосунда достук беттеш болуп өттү. Мамлекет башчысы эки гол киргизгени менен оюн 3:3 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Бишкек, 30-август.

46. Президент өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата мамлекеттик тууну көтөрүү аземинде гимнди ырдап жатат. Чуңкурчак, Чүй облусу, 31-август.

47. Мамлекет башчы балдардын тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушуна старт берди. Бишкек, 1-сентябрь.

48. КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышкандардын биргелешкен сүрөтү. Чолпон-Ата, Ысык-Көл облусу, 8-сентябрь.

49. Президент Чек ара кызматынын жеке курамы менен.

50. Чек арачылардын үй-бүлөлөрү жаңы конуштуу болушун майрамдоодо: Президент жаңы батирлердин ачкычын тапшырды. 11-сентябрь.

51. Чогулган эл менен пландан тышкары жолугушуу. Жалал-Абад облусу, 11-сентябрь.

52. Президент Садыр Жапаров Самаркандда өтүп жаткан ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Өзбекстан, 15-сентябрь.

53. Мамлекет башчысынын Ирандын Президенти Сейед Эбрахим Раиси менен Самарканддагы жолугушуусу. Өзбекстан, 15-сентябрь.

54. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталаар алдында Россиянын Президенти Владимир Путин менен учурашуу. Өзбекстан, 15-сентябрь.

55. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын биргелешип сүрөткө түшүүсү. Самарканд, Өзбекстан, 16-сентябрь.

56. Садыр Жапаров түз эфирдин алдында Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча кайрылуусунун текстине акыркы түзөтүүлөрдү киргизүүдө. Бишкек, 19-сентябрь.

57. Президенттин Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын Жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзү. АКШ, 20-сентябрь.

58. Мамлекет башчысы БУУнун Баш катчысы Антонио Гутерриш менен жолугушууга баратат. Нью-Йорк, 20-сентябрь.

59. Кыргыз-тажик чек арасындагы кармашта курман болгон үч танкисттин сөөгүн жерге берүү. “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси , 26-сентябрь.

60. Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым менен Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында баарлашуу. Түркия, 29-сентябрь.

61. Мамлекет башчысы Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Бурсада жолугушту. 29-сентябрь.

62. Садыр Жапаров Анкарадагы чабуул жасоочу учкучсуз учактардын заводуна барды: тараптар дрондорду Кыргызстанга жеткирүү боюнча макулдашты. Түркия, 30-сентябрь.

63. Президент The New York Times гезитинин журналисти Эндрю Хиггинске интервью берди. Бишкек, 30-сентябрь.

64. Мамлекеттик сапардын алкагында Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Мамлекет башчысынын коштоосунда кыргыз элинин маданияты жана каада-салты менен таанышты. “Ала-Арча” паркы, 12-октябрь.

65. Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитинде сүйлөгөн сөзү. Астана, Казакстан, 13-октябрь.

66. Садыр Жапаров Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн Кыргызстандын 7 миллионунчу жашоочусунун ата-энесин куттуктап жатат. Бишкек, 19-сентябрь.

67. Аялдар күрөшү боюнча улуттук курама команданын жаңы спорт залынын ачылышында белгилүү спортчу Айсулуу Тыныбекова Президентке өзү үчүн эң маанилүү медаль тууралуу айтып берүүдө. Бишкек, 19-октябрь.

68. Садыр Жапаров Куланак айылына келип, ГЭСтин курулушунун башталышына капсула салды. Нарын облусу, 21-октябрь.

69. Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян Садыр Жапаровду өзүнүн үйүндө тосуп алды. Абу-Даби, 31-октябрь.

70. Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөрдүн лидерлери Самарканддагы саммитке чогулушту. Өзбекстан, 11-ноябрь.

71. Президенттин Жогорку Кеңештин жыйынында маанилүү сөз сүйлөөр алдында баарлашуусу. Бишкек, 17-ноябрь.

72. Мамлекет башчы борбор калаада 5 айда курулган 15 мектептин бирине барды. Бишкек, 21-ноябрь.

73. Биринчи Элдик Курултайдын делегаты Садыр Жапаровго өз кайрылуусун тапшырып жатат. Бишкек, 26-ноябрь.

74. Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өттү. 9-декабрь.

75. Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов Президентке атасынын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу көрүнүктүү жазуучунун реконструкцияланган үй-музейинде айтып берүүдө. 13-декабрь.

76. Садыр Жапаров Катардагы иш сапарынан кийин Кыргызстанга учуп жатат. 19-декабрь.

77. Ак-Сай айылынын балдары Кыргызстандын гимнин ырдашууда. Баткен облусу, 24-декабрь.

78. Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Министрлер Кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны.Бишкек, 28-декабрь.

79. Мамлекет башчысы жубайы менен Бишкектин жанындагы Норус лыжа базасында. 31-декабрь.

80. Тарыхый күн - Президент Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара боюнча бардык маселелерди чечишти. Бишкек, 27-январь.

Пикир

Оставить комментарий