• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Садыр Жапаровдун Сауд Аравиясына расмий сапарын уюштуруу маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия) жумушчу сапарынын алкагында Сауд Аравиянын курчап турган чөйрөнү коргоо, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдурахман бин Абдулмохсен Аль-Фадли менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда тараптар өлкөлөр ортосундагы саясий диалогдун, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү аракеттеринин активдешүүсүн жана эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды жөнгө салынышын белгилешти.

Эки тараптуу мамилелерге кошумча дем берүү максатында маектештер өз ара сапарларды жогорку деңгээлде уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешип, жакынкы аралыкта президент Садыр Жапаровдун Сауд Аравиясына расмий сапарын сапаттуу уюштуруу боюнча чараларды кабыл алууну макулдашты.

Тараптар ошондой эле Сауд Аравиянын инвестиция министринин орун басары Бадр Аль-Бадр баштаган Сауд Аравиянын бир катар ири ишканаларынын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга иш сапарынын мазмундук бөлүгүн талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев Абдулмохсен Аль-Фадлиге кыргыз-сауд Өкмөттөр аралык кызматташуу боюнча комитетинин жыйынын жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, анын жыйынтыгы келечектеги эки тараптуу өз ара аракеттенүүгө кошумча дем берерине ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий