• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жапаровдун төрагалыгы астында бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отуруму өтүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 23.10.20./Кабар/. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отуруму өтүүдө.

Кеңештин отурумунда экономиканы турукташтыруу чаралары, ишкерлердин укугун жана мүлкүн коргоо, экономикалык тармакты колдоо боюнча бизнес-коомчулуктун сунуштары жана пикирлери талкууланат.

Жыйында өлкөдө түзүлгөн акыркы кырдаалга байланыштуу пайда болгон бир топ көйгөйлөр айтылды.

Иш-чарага Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия боюнча аймактык директору Нил Маккейн, Кыргыз Республикасынын ишкерлик субъектилеринин укугун, эркиндигин жана мыйзамдык кызыкчылыктарын колдоо боюнча ыйгарым укуктуу жак (Бизнес-омбудсмен) Робин Орд-Смит бизнес, Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков, Коммерциялык банктар биримдигинин төрагасы Анвар Абдраев жана мамлекеттик орган өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий