• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Садыр Жапаровдун Өзбекстанга боло турган расмий иш сапарын даярдоо маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин жана Өзбекстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Фарход Арзиевдин деңгээлинде эки өлкөнүн ортосундагы укуктук базаны инвентаризациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр видеоконференция форматында өткөрүлдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга боло турган расмий иш сапарын даярдоого, анын мазмунун толтурууга жана өткөрүүгө, ошондой эле Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун Кыргызстанга боло турган иш сапарын уюштурууга өзгөчө көңүл бурушту.

Министрлердин орун басарлары актуалдуу багыттар жана эки тараптуу кызматташуунун келечеги жөнүндө пикир алмашып, аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү чыңдоо боюнча мындан аркы кадамдар боюнча маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий