• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаровдун жакында Россияга болчу иш сапары талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жакында Россияга болчу иш сапары талкууланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 18-февралында Москвада Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда КР тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев менен РФ тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденконун деңгээлинде кезектеги ТИМдер аралык консультациялар болду.

Бул контекстте жакынкы күндө КР президенти С.Жапаровдун Россияга боло турган алгачкы иш сапарынын маселелери тыкыр талкууланды.

Ошондой эле, тараптар мамлекеттик байланыштардын бекемделишин шарттай турган жогорку деңгээлдеги байланыштардын маанилүүлүгүн жана үстүбүздөгү жылга саясий жана маданий, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы эриш-аркак жылы деп жарыялануусунун алкагында иш-чаралардын графигин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий