• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Садыр Жапаровго коронавируска каршы вакцина алуунун кажети жок — Байтерек

Президент 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровго коронавируска каршы вакцина алуунун кажети жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди.

Анын айтымында, Жапаровдун вируска каршы антителасы иштелип чыккандыктан дарыгерлер эмдөөнүн кажети жоктугун билдирген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавируска каршы калкты эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат. Учурда Ош шаары жана Чүй облустарына вакцинаны жеткирүү иштери аткарылууда. Ошондой эле илимий-техникалык адистер тобу тарабынан колдоо процесси жүрүүдө.

Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы биринчилерден болуп эмделери белгилүү болгон.

Республиканын бардык аймактарында медкызматкерлер үчүн тренингдер жүрүүдө.

Вакцина алгач Бишкек, Ош жана Чүй облусунда жүргүзүлөт. Бишкекте 4 үй-бүлөлүк медицина бириктирилген борборунда жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунда 5 эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №8, №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылат.

Пикир

Оставить комментарий