• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сагинтаев: Казакстан алакаларды бекемдөөгө багытталган демилгелерди дайыма колдоого даяр

Өкмөт 0

Бишкек, 01.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйшөмбү шаарында Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту.

Сагинтаев эки мамлекеттин башчылары тарабынан Өкмөттөрдүн алдына коюлган пландарды жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.

«Казак тарап эки жактуу алакаларды өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган ар кандай демилгелерди дайыма колдоого даяр», - деп билдирди Казакстандын өкмөт башчысы.

Мухаммедкалый Абылгазиев өз кезегинде белгилегендей, кыргыз-казак союздаштык мамилелери тиешелүү динамикага жетишти. Активдүү саясий-экономикалык диалог сакталып, талашсыз түрдө эки жактуу өнөктөштүктү мазмундук толтурууну шарттаган бардык деңгээлдеги байланыштар жүргүзүлүүдө. Казакстан менен стратегиялык өз ара байланыштарды бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчылар Казакстанда Премьер-министрлердин төрагалыгы алдында 7-чи Кыргыз-Казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын өткөрүү жөнүндө макулдашууларга жетишишти.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий