• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сагинтаев Казакстандын Кыргызстан аркылуу өткөн кытай товарларынан жоготууларын жогорулатып койгон - Джузупов

Экономика 0

Бишкек, 30.10.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Еревандагы ЕАЭБ жыйынында Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн кытай товарларынын импорту тууралуу айтууда, өз өлкөсүнүн жоготууларын өтө көтөрүп койгон. Мындай пикирин “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Коомдук жаштар кеңеши” коомдук уюмунун төрагасы Эрлан Джузупов билдирди.

Анын айтымында, Казакстандын өкмөт башчысы Евразия экономикадык биримдигинин алкагындагы импорттун көлөмү 2014-жылдан 2016-жылга чейин 201 млрд долларды түзгөн. Ал бул статистика өтө жогорулатылган жана Сагинтаевдин билдирүүсү шашылыш жасалган деген ойго түртөт. Анткени сандарда айырмачылыктар бар.

Джузупов Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунан тарта гана киргенин, ал эми тарифтер 2015-жылдын аягында гана толук иштей баштаганын эскертти.

“Демек, 2015-жыл статистикада чыгарылат, бул Сагинтаевдин ЕАЭБ боюнча билдирүүсү эки эсе жогорулатылган дегенди билдирет”, - деди Джузупов.

Пикир

Оставить комментарий