• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сагынбаев: Эсктремизмге каршы күрөшүү – өзүнчө мамлекеттердин эмес, бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун иши

Коом 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Экстремизмге каршы күрөшүү – өзүнчө мамлекеттердин эмес, бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун иши. Бул тууралуу “Экстремизмге каршы күрөшүү онлайн” эл аралык симпозиумунда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, жарандарды үгүттөө онлайн меккиндикке өтүп кетти. Мындай абалда өлкөлөрдүн аракеттерин бардык багыттарда бириктирүү керек.

“Биз экстремизмге каршы күрөшүү өзүнчө мамлекеттердин эмес, бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун иши экендигин баамдап жатабыз. Кыргызстан экстремизмге каршы күрөшүүнүн алдын алуу боюнча иш-аракеттердин жана глобалдык талкуулардын процессинин активдүү катышуучусу. Өсүп келе жаткан муун экстремизмдин чыныгы табиятын так түшүнүүсү үчүн терроризм менен күрөшүүдө өзгөчө ролду биз билим берүү жана агартуу маселелерине беребиз. Кыргыз өкмөтү бул коркунучка каршы туруу үчүн жаңы чараларды киргизүү боюнча аракеттер жасалууда”, - деди Сагынбаев.

Пикир

Оставить комментарий