• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Сагынбаев КК кызматкерлеринин иштен алынышы боюнча: Катчылыктын ичинде чыр-чатак жок

Коом 0

Бишкек, 14.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешиндеги төрт кызматкердин анын ичинде катчылыктын орун басарынын жумуштан алынышы боюнча түшүндүрмө берди.

Ал “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдиргендей, анын Коргоо кеңешинин катчысынын биринчи орун басары болуп дайындалышынан кийин, ведомстводон төрт кызматкер кеткен, анын ичинде орун басар дагы бар.

“Анын ичинен экөө өкмөттүн аппаратынын түзүмүндөгү кызматтарга которулду. Алар тийиштүү арыз менен келишкенде, өз чечимдерин аткаруу бийлигинде дагы кошумча тажрыйба топтоолору керектиги менен түшүндүрүшкөн. Үчүнчү кызматкер өзүнүн жеке жашоосу менен алектенүүсү маанилүү экендигин жазган”,-деп билдирди ал.

Сагынбаевдин айтуусунда, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары аз айлык маянага байланыштуу арыз жазган.

“Мен Коопсуздук кеңешинин катчылыгында ички чыр-чатак бар дегенди толугу менен четке кагам”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий