• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин чечими боюнча алгачкы жыйынтыктар тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 15.03.18 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында 2018-жылдын 8-февралында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары боюнча иштердин алгачкы натыйжалары тууралуу айтып берди.

“Кабар” маалымат агенттигиндеги маалымат жыйында ал Коопсуздук кеңешинин жыйынында көзөмөл, сот жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы актуалдуу маселелер каралганын белгиледи.

“Бул чечимде 45 иш-чара каралган, алардын көпчүлүгү коррупцияны жоюу. Мында ишке ашыруу боюнча белгилүү мөөнөттөр, тактап айтканда 2018-жылдын 1-мартына, 1-июнга, 1-августка, жыл аягына чейин жана айрымдарын 2019-жылы жүзөгө ашыруу каралган”, - деп белгиледи ал.

Сагынбаев 1-мартка чейин УКМК жана ЭКККМКга Башкы прокуратурага акыркы жылдары токтотулган кылмыш иштеринин тизмесин берүү тапшырылды.

“Бул материалдардын бардыгы, анын ичинде Коопсуздук кеңешине дагы берилди. Болжолдуу талдоодон кийин алар ишмердик тармактары боюнча бөлүштүрүлдү. Андан соң алар президентке мамлекет башчы бул кылмыш иштеринин тизмеси боюнча маалымат алуусу үчүн багытталат”, - деп ал 2018-жылдын 1-июнуна чейин бул пунктту ишке ашыруу мөөнөтү каралганын кошумчалады.

Анын айтымында, анда көрсөтүлгөн тизмедеги кылмыш иштери боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилери Башкы прокуратурага жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дал ушул иштерди тергөөнүн жүрүшү тууралуу кошумча маалымат бериши керектиги каралган. “Андан соң Коопсуздук кеңешинин чечими канчалык натыйжалуу ишке ашырылып жатканына жана экономикалык жана кызматтык кылмыштарды, ошондой эле мамлекеттик мүлктү уурдоого байланыштуу кылмыштарды аныктоо боюнча укук коргоо органдарынын таасирдүү иши боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге президенттин баасы берилет”, - деп кошумчалады Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Ошондой эле ал Катчылыкта кызмат адамына карата кылмыш иши козголгон учурда камакка алуу чарасын тандоого байланыштуу мыйзам долбоорун даярдоо иштери башталганын кошумчалады.

Укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлерине жана жетекчилерине карата сот тарабынан айып өкүмү чыккан шартта ал иш учурунда топтолгон мүлкүн конфикациялоо менен коштолушу керек.

Пикир

Оставить комментарий