• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сагынбаев: Коррупцияга каршы стратегия жемкорлук менен күрөшүү гана эмес, алдын алуу иш-чараларын да камтыйт

Президент 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. «Коррупцияга каршы күрөшүү стратегиясы жемкорлукка каршы күрөшүү үчүн гана эмес, анын алдын алуу иш-чараларын да камтыйт», — деп белгиледи КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 2021-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча жаңы Мамлекеттик стратегиясы жөнүндө комментарий берип жатып. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн жаңы стратегиясы бүгүн, 17-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйынында жактырылды.

Документ Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан көз карандысыз эксперттердин катышуусунда даярдалган.

«Стратегиянын максаттарына жетүү 2024-жылга карата коррупциянын деңгээлин аныктаган дүйнөлүк рейтингдеги позициябызды 30%дан ашык деңгээлге көтөрүүгө, бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдарга болгон элдин ишенимин 50%га көтөрүүгө мүмкүндүк берип, жарандардын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарына болгон ишенимин жогорулатат», — деп белгиледи Дамир Сагынбаев.

Анын пикиринде, мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жоюу бардык тармактарды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет, анын ичинде социалдык-экономикалык тармактарга да оң таасирин тийгизет. «Стратегияда чагылдырылган иш-чаралар бардык мамлекеттик органдар тарабынан 2024-жылга чейинки мөөнөттө аткарылышы керек», — деп кошумчалады ал.

Коопсуздук кеңешинин катчысы ошол эле учурда мамлекеттик органдар иш-чараларды ишке ашыруунун акыркы мөөнөтүн күтүп отурбастан, стратегия бекитилгенден кийин дароо коррупцияга каршы чараларды көрүүгө киришүүсү керектигин баса белгиледи.

«Бул стратегияда 82 конкреттүү антикоррупциялык иш-чаралар каралган. Ага иш-чаралардын конкреттүү планы жана индикаторлору тиркелет, анын жардамы менен иш-чараларды ишке ашыруу этабын аныктоого болот», — деп белгиледи Дамир Сагынбаев.

«Коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги механизмдеринин бири болгон Кыргыз Республикасын санариптештирүүнүн алкагындагы бир катар иш-чаралар жакынкы жылдарда мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жана иш кагаздарын жүргүзүүнү 90-100 пайызга электрондук форматка өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле мамлекеттик бюджетке түшкөн бажы жана салык төлөмдөрү 30-35% га көбөйтүлөт деп болжолдонууда.

Ага ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ар тараптуу иш-чаралардын бардыгы дарыгерлердин жана мугалимдердин айлык акыларын, пенсияларды жана социалдык төлөмдөрдү жогорулатууга, ошондой эле жарандарга мамлекеттин социалдык кепилдиктерин толугу менен аткарууга мүмкүндүк берет», — деп белгиледи Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Өлкөдө укук коргоо органдарын реформалоо боюнча өзүнчө иш-чаралар аткарылып келе жатат.

«Тактап айтканда, өткөн жылы Бишкек шаарында Патрулдук милиция кызматы түзүлүп, ал жакшы натыйжаларды көрсөттү. Андагы коррупциялык көрүнүштөр минимумга чейин кыскартылды. Акыркы 1,5 жылдын ичинде биз чындыгында эле ички иштер органдарынын кандайча реформаланып жаткандыгын көрсөтө алдык», — деп баса белгиледи Дамир Сагынбаев.

Учурда Ош шаарынын Патрулдук милициясына сынактык тандоолор жүрүп жатат жана 1-декабрдан тарта ал түштүк борбордо да иштеп баштайт.

Мындан сырткары, жаңы стратегияда саламаттыкты сактоо, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө жана өзгөчө жер тилкелерин бөлүштүрүүдө бир катар коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу каралган.

Пикир

Оставить комментарий