• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сагынбаев Пекинде ШКУга мүчө мамлекеттердин ККнин катчыларынын XIII жолугушуусуна катышты

Коом 0

Бишкек, 24.05.18. /Кабар/. 2018-жылдын 21-22 майында Пекин шаарында Шанхай Кызматташуу Уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын XIII жолугушуусу өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Коопсуздук Кеңешинин катчылары салттуу достук маанайда Уюмдун мейкиндигиндеги коопсуздук жана туруктуулук чөйрөсүндөгү кырдаал боюнча пикир алмашып, ШКУ мүчө мамлекеттеринин терроризмге, сепаратизмге, куралды жана баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы туруу жана эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Бул иш чаранын алдында Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын делегация башчыларынын эки тараптуу жолугушуусу өткөрүлгөн.

КЭР Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, КЭР коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев достук мамиледеги өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу тармагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Кечэ,22-майда ШКУнун мүчө өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусунан соң, тиешелүү Протоколго кол коюлгандан кийин Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Циньпиндин ШКУнун мүчө мамлекеттеринин делегация башчылары менен коллективдүү жолугушуусу өткөрүлдү.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев ШКУнун алкагында да, эки тараптуу багытта да кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө токтолду.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визитинин алдында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий