• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сагынбек Абдрахманов КСДП партиясынын мүчөлөрүнө жана жергиликтүү баштапкы уюмдарга кайрылуу жасады

Саясат 0

Бишкек, 10.08.19. /Кабар/. Сагынбек Абдрахманов КСДП партиясынын мүчөлөрүнө жана жергиликтүү баштапкы уюмдарга кайрылуу жасады .

Кайрылуунун текстин толугу менен келтиребиз.

Урматтуу Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрү жана жергиликтүү баштапкы уюмдун жетекчилери. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой ушул жылдын 3-апрелинде “КСДП тазалануу жана жаңылануу жолунда” деген ураан менен өткөн, КСДПнын кезектеги XVIII-сьездинде бир добуштан мени КСДПнын төрагалык кызматына шайлагансыздар. Кезектеги XVIII-сьездде кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу максатында көптөгөн иш чараларды өткөрүп, партияны укуктук талаага кайтарып келдик. Тилекке каршы жүргүзгөн иш-аракеттерибизге партиянын мурдагы төрагасы Атамбаевдин тарапташтары болгон партиялаштарыбыз көптөгөн тоскоолдуктарды жаратып, акыры сотко даттанганга чейин жетишишти. Биздин жасап жаткан иш-аракетибизде мыйзамсыздык болбогондугун 6-августта Бишкек шаардык соту тастыктап тиешелүү чечимин чыгарды. Баарыңыздарга белгилүү болгондой 7-августта Атамбаев жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык тутумуна каршы иш аракетин өзүнүн тарапташтары менен уюштуруп, жыйынтыгында УКМКнын атайын кызматынын бир кызматкерин өлтүрүшүп, алты кызматкерин барымтага алышып, бир нече кызматкерлеринин ден соолугуна ар кандай залалдарды келтиришти.

Чүй облусттук ИИБнин башчысы оор жаракат алып, ушул күнгө чейин эсине келе элек. Укук коргоо кызматынын бир нече кызматкери ар кандай жаракат алышты. Мындан сырткары жүзгө жакын карапайым жарандарыбыздын дагы ден соолуктарына залал келди. Партиянын мурдагы төрагасы Атамбаев өзүнүн кылмышын жашыруу үчүн биздин партиялаштарыбыздын тагдырын талкалап, өзү менен кошо кылмышкерге айландыргандыгына менин жүрөгүм ооруп турат. Ошолордун катарында биздин фракциянын депутаттарынын катышкандыгы мени аябай өкүндүрөт. Бирок, менин кайрылбаска аргам жок.

Урматтуу партиялаштар жана жергиликтүү баштапкы уюмдун жетекчилери:

Сиздерге кайрылганымдын себеби 7-августта Кой-Таш айылында болгон Кыргыз Республикасынын Конституциялык тутумуна каршы кутум уюштуруп, эгемендүүлуккө шек келтирген Атамбаевди колдогон партия мүчөлөрүнүн кылган аракеттерин жергиликтүү партиялык жыйындарда талкуулап, алардын жасаган иштери партиянын Уставына туура келгенби же туура эмес кадамдарды жасаганбы ошого баа берүүңүздөр зарыл деп эсептейм. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары болгон КСДП фраксиясынын мүчөлөрү И. Карамушкина, А. Кодуранованын, К.Орозованын аракеттерине терең баа берип, алардын Фракцияда калуудагы моралдык жоопкерчилигин тактап, партиянын атынан алган Жогорку Кеңештин депутаты деген мандатын чакыртып алуу маселесин баштапкы уюм кароосу зарыл. Ким болбосун Кыргыз Республикасынын бүтүндүгү менен эгемендүүлүгүнө доо кетирип, Конституциялык тутумуна каршы кутум уюштургандарды колдогон партия мүчөлөрүн жергиликтүү баштапкы уюмдар өз отурумдарында карап, кылган иш-аракетине карата баа берүүңүздөр бүгүнкү күндүн жана учурдун талабы.

Сиздерди урматтап,

КСДПнын төрагасы: С. У. Абдрахманов.

Пикир

Оставить комментарий