• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Саякбай. 20-кылымдын Гомери” кыргыз тасмасын Түркияда көрсөтөт

Маданият 0

Бишкек, 24.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Түркияда кыргыз режиссеру Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай. 20-кылымдын Гомери” тасмасын көрсөтүшөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен кабарлашты.

Тасманы Анкара шаарында 1-февралда көрсөтүшөт.

Көрсөтүлүүчү жайы: Milli Kütüphane, Sergi Salonu, Çankaya/ANKARA.

"Саякбай” көркөм тасмасында 20-кылымдын Гомери сүрөттөлөт, тагыраагы “Манас” эпосунун улуу айтуучусу Саякбай Каралаев жөнүндө сөз болот. Манасчы өз жашоосун ойлоп жатып Кыргызстандын жана советтер союзунун тарыхындагы кульминациялык тарыхый окуяларды эстейт.

Тасмадагы башкы тема “Манас” баатырдык үчилтигинин табышмагы болуп эсептелет. Саякбай кыргыз баатыры жөнүндө айтып берген уникалдуу адам болгон.

Пикир

Оставить комментарий