• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына карата илимий практикалык симпозиум өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Бүгүн, 27- июнда Кыргыз Республикасында XX кылымдын алп манасчысы – Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына карата Эл аралык илимий практикалык симпозиум өтүп жатат.

КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, симпозиумдун ишине Азербайжан, Армения, Австралия, Абхазия, Алтай, Индия, Түркия, Хакасия, Сибирь, Калмыкия, Кытай, Франция, Тыва, ,Италия, Тажикистан, Латвия, Грузия, Уфа, Өбекстан жана Кыргызстандан өкүлдөр катышып жатат.

Симпозиумга Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер- Нияз, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов катышып, бүгүнкү күндөгү “Манас” эпосунун орду жана аны алып жүрүүчүлөрү жана ролу тууралуу кайрылуу жасап, симпозиумдун катышуучуларына ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий