• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Саякбай Каралаевдин вариантындагы “Манас” китеби 5000 нускада басып чыгарылды

Президент 0

Бишкек, 24.11.17 /Кабар/. Мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө чакырган, ата-бабаларыбыздан калган негизги руханий азык “Манас” эпосун андан ары жайылтуу максатында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жеке колдоосу менен улуу манасчы Саякбай Каралаевдин вариантындагы “Манас” китеби 5000 нускада басып чыгарылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Байыркы элибиз Айкөл Манастын Улуу Рухун урпактардан урпактарга табериктей сактап келатат. Эпосто кыргыздардын кылымдык тарыхы, салттары менен үрп-адаттары, мамлекеттүүлүктү жана биримдикти бекемдөө идеялары чагылдырылган.

“Манас” китеби Кыргыз Республикасынын бардык орто мектептерине, жогорку окуу жайларга, китепканаларына, ошондой эле башка мекеме-уюмдарга бекер таркатылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий