• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Саякбай манасчы” фонду Ак калпак күнүнө карата иш–чара өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 05.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 5–мартта “Саякбай манасчы” эл аралык фонду “Кийиз дүйнө”, балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” борбору, “Айтышкер” жаш акындар тобу жана “Айтыш” фонду менен биргеликте Ак калпак күнүнө карата иш–чара өткөрдү. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Бул иш–чараны Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси, “Саякбай манасчы” Эл аралык фондунун Президенти Саматбек Ибраев куттукттоо сөзү менен ачып, андан соң Ак калпакка арналган видеоролик көрүү менен башталды.

Ошондой эле манасчылар “Манас” айтышып, ал эми төкмө акындар айтыш курушту. Андан сырткары “Сейтек” борборунун таланттуу кыздары кыргыздын улуттук бийин бийлешти. Иш–чаранын соңунда ыраазычылык каттары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий