• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Саякбай” тасмасы “Алтын глобус” үчүн ат салышат

Маданият 0

Бишкек, 26.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. “Саякбай” тасмасы чет элдик басма сөз Голливуд ассоциациясынын “Алтын глобус” сыйлыгы үчүн ат салышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографисттер союзунун басма сөз кызматы билдирди.

“Саякбай” тасмасы улуу манасчы Саякбай Каралаевдин өмүрү жана чыгармачылыгына арналган.

Эскерте кетсек, тасманын дүйнөлүк бет ачары 2017-жылдын 31-августунда Монреалдагы эл аралык кинофестивалда өткөн. Мында тасма “Мыкты инновациялык тасма” номинациясында “Алтын зенитти” алды.

Пикир

Оставить комментарий