• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Саякбай” тасмасы эл аралык түрк кино фестивалында көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 16.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” тасмасын Казандагы эл аралык түрк кино тасмасында көрсөтүшөт. Бул тууралуу кыргыз киносунун расмий сайтында маалымдалат.

Фестиваль 21нен 25-март күндөрү Казанда өтөт. Ага Россия, Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Түркмөнстандан келген өкүлдөр катышат.

Кыргыз тасмасы 22-мартта саат 18.00-19.30 көрсөтүлөт.

2018-жылдын апрель айында дал ушул фестиваль Казакстанга жана Кыргызстага келээри пландалууда.

"Саякбай” көркөм тасмасында 20-кылымдын Гомери сүрөттөлөт, тагыраагы “Манас” эпосунун улуу айтуучусу Саякбай Каралаев жөнүндө сөз болот. Манасчы өз жашоосун эстеп жатып Кыргызстандын жана советтер союзунун тарыхындагы кульминациялык тарыхый окуяларды эстейт.

Тасмадагы башкы тема “Манас” баатырдык үчилтигинин табышмагы болуп эсептелет. Саякбай кыргыз баатыры жөнүндө айтып берген уникалдуу адам болгон.

Пикир

Оставить комментарий