• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Саякбай” тасмасы эми Ошто көрсөтүлө баштайт

Маданият 0

Бишкек, 18.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Оштогу “Семетей” кинотеатрында “Саякбай” тарыхый тасмасынын бет ачары болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тасманын бет ачар аземине тасманын башкы продюсери Саматбек Ибраев, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жана тасманын башкы каармандары катышышты.

Белгилей кетсек, тасма Бишкекте 7-сентябрдан бери көрсөтүлө баштаган.

"Саякбай” көркөм тасмасында 20-кылымдын Гомери сүрөттөлөт, тагыраагы “Манас” эпосунун улуу айтуучусу Саякбай Каралаев жөнүндө сөз болот. Манасчы өз жашоосун ойлоп жатып Кыргызстандын жана советтер союзунун тарыхындагы кульминациялык тарыхый окуяларды эстейт.

Тасмадагы башкы тема “Манас” баатырдын трилогиясынын табышмагы эсептелет. Саякбай кыргыз баатыры жөнүндө айтып берген уникалдуу адам болгон.

Пикир

Оставить комментарий