• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Саякбай" тасмасы кайрадан чоң экранда көрсөтүлө баштайт

Маданият 0


Бишкек, 19.04.18. /Кабар/. Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” тасмасы 25-апрелден тарта кайрадан өлкө кино театрларында көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу “Саякбай Манасчы” фондунун жетекчиси Айбек Сыдыгалиев билдирди.

"Саякбай” көркөм тасмасында 20-кылымдын Гомери сүрөттөлөт, тагыраагы “Манас” эпосунун улуу айтуучусу Саякбай Каралаев жөнүндө сөз болот. Манасчы өз жашоосун ойлоп жатып Кыргызстандын жана советтер союзунун тарыхындагы кульминациялык тарыхый окуяларды эстейт.

Тасмадагы башкы тема “Манас” баатырдык үчилтигинин табышмагы болуп эсептелет. Саякбай кыргыз баатыры жөнүндө айтып берген уникалдуу адам болгон.

Пикир

Оставить комментарий