• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Саякбай” тасмасы Санкт-Петербург шаарында көрсөтүлдү

Маданият 0

Бишкек, 13.12.17. /Кабар/. Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмасы Санкт-Петербург шаарында жалпы кино сүйүүчүлөрү үчүн тартууланды. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында өткөн. Бул тууралуу “Саякбай манасчы” фондунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тасманын бет ачарына кыргыз жана татар диаспорасынан 160 ашуун адам жана атайын чакырылган коноктор катышкан.

“Иш-чарага ЖК депутаты Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз жана Эрнест Абдыжапаров катышты. Келген коноктордун бардыгына тасма абдан жакты”,-деп айтылат маалыматта.

"Саякбай” көркөм тасмасында 20-кылымдын Гомери сүрөттөлөт, тагыраагы “Манас” эпосунун улуу айтуучусу Саякбай Каралаев жөнүндө сөз болот. Манасчы өз жашоосун ойлоп жатып Кыргызстандын жана советтер союзунун тарыхындагы кульминациялык тарыхый окуяларды эстейт.

Тасмадагы башкы тема “Манас” баатырдын трилогиясынын табышмагы эсептелет. Саякбай кыргыз баатыры жөнүндө айтып берген уникалдуу адам болгон.

Пикир

Оставить комментарий