• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саякбай тасмасынын ачылышы 31-августта болот

Маданият 0

Бишкек, 18-июль /Айжамал Дуйшеова - Кабар/. “Саякбай ХХ кылымдын Гомери” кино тасмасынын бет ачары 31-августта эгемендүүлүк күнү болот.

Аталган тасманын аткаруучу продюссери Сүйүм Сулайманов, башкы продюссери Саматбек Ибраев, режиссеру Эрнест Абдыжапаров.

“Кабар” маалымат агенттигине Сулайманов билдиргендей, алгач тасма мамлекеттик буйрук менен тартыла турганы пландалган. Бирок убадаланган каражат бөлүнгөн эмес. Тасма “Саякбай Манасчы” коомдук фондундагы каражаттын эсебинен тартылган.

Саякбай Каралаевдин ролун үч актер аткарды: Марат Жанталиев-карыган кезин, Бактыбек Нурмат уула-орто жашын, Үмөт Дөөлөт уулу-бала чагын. Ошондой эле, кинодо Чыңгыз Айтматов дагы бар, анын ролун жазуучунун кичүү баласы Эльдар Айтматов жаратты.

“Саякбай” көркөм тасмасында 20-кылымдын Гомери сүрөттөлөт, тагыраагы “Манас” эпосунун улуу айтуучусу, Саякбай Каралаев жөнүндө сөз болот. Манасчы өз жашоосун ойлоп жатып Кыргызстандын жана советтер союзунун тарыхындагы кульминациялык тарыхый окуяларды эстейт.

Тасмадагы башкы тема “Манас” баатырдын трилогиясынын табышмагы эсептелет. Саякбай кыргыз баатыры жөнүндө айтып берген уникалдуу адам болгон.

Пикир

Оставить комментарий