• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саясат таануучу: Атамбаев президенттик мөөнөтүн позитивдүү менен аяктап жатат

Коом 0

Чолпон-Ата, 24-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн мааылмат жыйында чынчыл жана ачык жоопторун берди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саясат таануучу Айнура Арзыматова Чолпон-Атада мамлекет башчысынын маалымат жыйынынын жыйынтыгы боюнча билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктап келе жатканы белгилүү жана бул мөөнөт позитивдүү жылыш менен бүтүп жатат. Анткени өлкө туруктуу жана өнүккөн бойдон калууда. Ошондуктан Атамбаевдин бул багыты, тактап айтканда, туруктуулуктун жана өнүгүүнүн нугу уланат деген ишеним зор.

“Бүгүнкү маалымат жыйынында президент жаңы мамлекет башчысы кызматка келип, ал баштап, бүтпөй калган иштерди, көптөгөн идеяларды улантарына ишеним билдирди”, - деди саясат таануучу.

Бүгүнкү жолугушууда Айнура Арзыматованын айтымында, Атамбаев абдан жакшы жана позитивдүу ой калтырды. Көптөгөн курч суроолор берилип, бир катар эксперттер жан6а саясат таануучулар чакырылган. Мындан тышкары, ЖМКлар, жада калса, оппозициялык журналисттер да катышышты. Жалпысынан маалымат жыйын оң таасир калтырды.

Пикир

Оставить комментарий