• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Саясат таануучу Казакстан президентинин Бишкекке боло турган расмий сапары тууралуу

Коом 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Эртең, 26-майда Бишкекке расмий иш сапары менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келип, Евразиялык экономикалык форумга катышат.

Саясат таануучу Шерадил Бактыгуловдун айтымында, Казакстандын президентинин Кыргызстанга келүүсү чындыгында күтүлүп жаткан эле нерсе. Токаевдин Кыргызстанга келүүсү быйылкы жылдагы алгачкы сапар болот.

“Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мамлекет башчысы болуп шайланып, алгачкы иш сапарларынын бирин Казакстанга жасаган. Муну менен казак-кыргыз элдеринин ортосундагы мамиленин жана байланыштын тыгыздыгын баса белгиледи”, - деди Бактыгулов.

Ал Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер жөн гана кызматташуу эмес, эки элдин жок дегенде миң жылдык олуттуу, терең мамилелери бар экенин баса белгиледи.

Мындан сырткары, Бактыгулов Кара-Суу районунда казак тараптын капиталынын колдоосу менен биргелешкен соода-логистикалык борбордун ачылышы күтүлүп жатканын айтып, Кыргызстанда 400дөн ашык биргелешкен кыргыз-казак ишканалары иштеп жатканын кошумчалады.

“Билим берүү тармагын алсак, бизде кыргыз-казак университети иштөөдө. Казакстандын колдоосу менен Бишкек менен Ошто эки мектеп курулуп бүттү”, - дейт саясат таануучу.

Пикир

Оставить комментарий