• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саясат таануучу: Президент казынага жүздөгөн млн доллар түшүшү үчүн “ширшовдун схемаларын” ачыктоону көздөйт

Коом 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкө казынасына жүздөгөн миллион доллар түшүшү үчүн “ширшовдун схемаларын” ачыкка чыгарууну көздөйт. Бул тууралуу саясат тануучу Марс Сариев президенттин биздин агенттиккке берген маегине комментарий берип жатып билдирди.

«Жарандар коркпошу керек. Учурда “ширшовдун схемаларын” ачыкка чыгаруу маселеси турат. Президент Ширшов (Алексей Ширшов) коррупциялык схемалардын бетин ачууга даяр экенин, Кыргызстандын казынасына жүздөгөн миллион долларлар түшөрүн ачык айтты. Менин пикиримде, президент бул схемаларга кандайдыр бир аралаштыгы болгон болсо, мынчалык ачык саясат жүргүзүп, өзүнө көңүл бурдурбайт эле”, - деди Сариев.

“Эгер Ширшов күнөөсүн мойнуна алып , бул схемаларды ачып берем деп жатса, анда өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн мындай жасоого эмне үчүн мүмкүн болбосун”, - деп кошумчалады саясат таануучу.

Президент маегинде “ширшовдун схемалары” тууралуу кыйкырып жаткан депутаттар Ширшов акчаны ким, кайдан алганын ачыкка чыгарып койбойбу деп чочулап жатышы мүмкүн экендигин айтты.

«Парламентте ар кандай деңгээлдеги, өзүнүн көз карашы, ишеними болгон депутаттар бар. Парламентте бардык майда-чүйдөсүнө чейин бир маселени талкуулоо кадимки көрүнүш. Экинчиден, Ширшов менен 2010-жылга чейин бир туугандай болуп, бирге иштеген айрым депутаттар азыр парламентте олтурушат. 2010-жылга чейин кайдан, канча уурдаганын Ширшов айтып койбосо экен деген ой-санаа басып жатса керек. Ошол үчүн парламенттин трибунасынан ызы-чуу салып жатышат. Аларды эл шайлады да, эмне кылабыз”, - деди Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле бюджеттен уурдагандардын баары 100 эсе көп кайтарууга аргасыз болорун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий