• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саясат таануучу: Жапаров менен Мирзиёев кыска мөөнөттө ондогон жылдар бою талаштуу болгон маселелерди чечишти

Коом 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов “Кабар” маалымат агенттигине комментарий берип жатып, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы диалогдун болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлине токтолуп, эки президенттин ролун белгиледи.

Анын айтымында, Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев кыска мөөнөттө чоң иштерди жасап, ондогон жылдар бою мамлекеттер аралык мамилелердин өнүгүшүнө тоскоол болгон талаштуу маселелерди чечишти.

“Биринчиден, Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенти болуп шайлангандан бери бул анын Кыргызстанга болгон экинчи мамлекеттик сапары экенин белгилегим келет. Ал эми былтыр мамлекет башчысы Садыр Жапаров Ташкентке эң жогорку дипломатиялык сапар менен барган. Көп жылдар бою мындай болгон эмес. Бул акыркы мезгилде калыптанып калган байланыштардын деңгээлин жана интенсивдүүлүгүн көрсөтүп турат”, - дейт ал.

Бактыгулов кошумчалагандай, кол коюлган документтердин жана түзүлгөн келишимдердин пакетине ылайык, Өзбекстандын башчысынын Кыргызстанга сапарын тарыхый окуя деп атоого болот.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын президенти 26-27-январь күндөрү мамлекеттик сапар менен Кыргызстанда жүрөт. Эки өлкө лидерлери бүгүн, 27-январда, кеңири форматта жолугушуу өткөрүштү.

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий