• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Саясат таануучу Жээнбековдун сапары тууралуу: Кыргызстан ЕС көңүл чордонунда

Коом 0

Бишкек, 13.04.18 /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Брюсселдеги сапары ийгиликтүү өттү. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине саясат таануучу Марс Сариев билдирди.

Ал Жээнбековдун Евросоюзга чакырылышы Жээнбековду Кыргызстандын президенти катары европа коомчулугу тааный турганын, болгондо дагы кыска убакыттын ичинде таанылганын айтып турарын белгиледи.

“ЕС институттарынын жетекчилери Кыргызстандын жаңы башчысы менен таанышалы дешти деп ойлойм. Менин билишимче, ЕС комиссиясынын төрагасы Брюсселден кеткен, бирок Жээнбеков менен жолугушуу үчүн кайра келген. Бул Кыргызстан ЕСтин көңүл чордонунда турганын билдирет. Европа союзу Кыргызстан Борбор Азиядагы демократия жана адам укуктарын коргоо маселелеринде өзгөрүүлөрдүн генератору болоруна ишеним артат”, - деп эсептейт ал.

Мындан тышкары Сариевдин пикиринде Европа союзунун тышкы иштер жана саясий коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини КР жана ЕС ортосундагы кызматташуу экономикалык өңүттө жаңы деңгээлге чыгарын айткан.

“Евросоюз Кыргызстанга инвестиция салууга даяр”, - деп кошумчалады саясат таануучу.

Пикир

Оставить комментарий