• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саясат талдоочу: Атамбаев туруксуздаштыруу жолу менен кетти

Коом 0

Бишкек, 16.08.19 /Кабар/. Атамбаев өзүнүн тарапташтары менен туруксуздаштыруу жолуна түшүп, укуктук талаадан чыкты. Мындай пикирин саясат талдоочу Марат Казакпаев, 7-8-августта Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча оюн айтып жатып билдирди.

"Арийне, Алмазбек Шаршеновичтин мындай жол менен кеткени өтө өкүнүчтүү. Чынын айтканда, мен мындайды күткөн эмесмин. Ал өзүнүн митингдеринде, Ак үйгө келип өкмөт, парламент жана президенттин кызматтан кетүүсүн талап кыларын билдирип, себебин айткан эмес", - деди ал.

Казакпаевдин айтымында, Атамбаевдин тарапташтары баары укуктук талаада болушу керек дегени менен өздөрү укуктук талаадан чыгып кетишкен.

"Алмазбек Шаршенович президент болуп турганда баарыбыз мыйзам боюнча жүрүшүбүздү, баарын мыйзам чегинде чечүү керектигин айтчу", - деди ал.

Эскерте кетсек, 7-8-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 100дөн ашык киши ар кандай жаракат алган. 8-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Соттун чечими менен ал 26-августка чейин камакта болот.

Пикир

Оставить комментарий