• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Саясий эрктүүлүктү көрсөткүлө. Премьер Боронов саясий партияларга кайрылды

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов парламенттик шайлоого катышып жаткан саясий партияларга кайрылуу жасады.

"4-октябрдан кийин партиялар бири-бириңиздерге өз ара сый-урмат менен мамиле жасап, коомду дүрбөлөңгө салбай, шайлоонун жыйынтыгын таанууда саясий эрктүүлүктү көрсөтүүгө чакырам. Саясий партиялар эрктүүлүктү көрсөтүп, жогоруда айтылган маселелерге туура мамиле кылат деп ишенем. Пандемия шартында коомду туруксуздаштырууга жол бербешибиз керек", - деди ал.

Эскерте кетсек, парламенттик шайлоо ушул жекшемби, 4-октябрь күнү өтөт.

Шайлоого 16 партия ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий