• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саясий кызматтагы аткаминерлер шайлоого катышуу үчүн кызматынан кетиши керек – Шайлдабекова

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн мамлекеттик же муниципалдык кызматтардагы саясий кызматтарды ээлеген аткаминерлер кызматынан кетиши керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул алдыдагы шайлоодо жаңычылдык болуп саналат.

“Мурда саясий кызматтарда жетекчилик орундарды ээлеген жарандар ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп, шайлоого катыша алышчу. Ал эми административдик кызматты ээлеген жарандар өзүнүн ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп, шайлоого катыша алышат”,-деди ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо үстүбүздөгү жылы 28-ноябрга белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий