• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саясий партиялардын лидерлери Координациялык кеңеш түздү

Саясат 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Кыргызстандагы 6 саясий партиянын лидерлери республикада кырдаалды турукташтыруу үчүн Координациялык кеңеш түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында Координациялык кеңештин жетекчиси Адахан Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, "Бир Бол", "КСДП", "Республика", "Ата-Мекен", "Замандаш", "Бүтүн Кыргызстан" сыяктуу партиялар Координациялык кеңешке кирген.

"Кеңештин негизги милдети - республикада кырдаалды турукташтыруу жана бул маселени укуктук талаада чечүү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий