• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саясий серепчи: Кой-Таштагы окуялар - Алмазбек Атамбаевдин өзүмчүл амбициялары

Коом 0

Бишкек, 07.08.20 /Кабар/. Алмазбек Атамбаевдин өлкөнү көмүскө башкаруу максаттары болбогондо бир жыл мурдагы Кой-Ташта окуялары болмок эмес. Мындай пикирин "Кабар" агенттигине саясий серепчи Алмазбек Акматалиев билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев өлкөнү туруксуздаштырууга багытталган жол менен кетти.

"Президенттиктен кеткенден кийин өлкөнү башкаруу ойлору ушундай жыйынтыкка алып келди. 2016-жылы Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, президенттин ыйгарым укуктарынын бир бөлүгү кыскартылып, премьер-министрге өткөрүлүп берди. Ошентип ал мамлекет башчылыгына жумшагыраак мүнөзү бар досун, премьерлик кызматка өзүнүн командасындагы жаш кадрды койгусу келген. Ал Кой-Таштагы резиденциясынан экөөнү башкарууну пландаган. Ал кийинки президент аны менен макул болбой коюшу мүмкүн экенин ойлогон эмес. Президент Жээнбеков Атамбаевдин айтканы менен кеткен жок. Жыйынтыгында бир катар коррупциялык иштер ачылып, аларда Алмазбек Атамбаевдин жана анын айланасындагы адамдардын аты аталууда", - дейт ал.

Ал окуялардын жөнүндө айтып жатып Атамбаев бийликтин дарегине ар кандай сөздөрдү айтып, чогулуштарды өткөрүп кырдаалды курчутканын билдирди.

"Атамбаев өзүн куткаргысы келип, сөзүнө ишенген адамдардын аркасына жашынды. Жыйынтыгында ал өлкөнү жарандык кризиске туш кылды. Бактыга жараша эл арасында курмандыктар болгон жок. Алмазбек Атамбаевдин саясий оюндары эмне менен аяктар эле Кудай билет", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий