• 84.78
  • 102.21
  • 1.15

Саясий серепчи: Путиндин айтканы – Россиянын Кыргызстандын учурдагы бийлиги менен президентин колдоого алышы

Коом 0

Бишкек, 25.07.19 /Кабар/. Кечээ, Кремлде Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди кабыл алды. Жолугушуудан кийин Россиянын президенти учурда Кыргызстанга саясий туруктуулук жана эл учурдагы президенттин айланасында биригиши керектигин билдирген.

"Менин позициям белгилүү. Ага да (Атамбаевге) бул позициямды айттым. Кыргызстан – биздин өнөктөш, бизге жакын мамлекет. Кыргызстанда олуттуу ички саясий окуялар болду. Менимче, эми Кыргызстандын элинин кызыкчылыгы үчүн ушуну менен токтоо керек", - деген Путин.

Бул боюнча Эл аралык иштер жана коопсуздук боюнча кыргыз кеңеши башкармалыгынын төрагасы Эдил Осмонбетов пикирин билдирип, Путиндин Кыргызстанда саясий туруктуулук керек жана анын эли учурдагы президенттин айланасында биригиши керек деген сөздөрү өлкөнүн мурдагы президенти менен болгон жолугушуусунан кийинки негизги ою.

Картинки по запросу осмонбетов кабар

“Башкы сөздөр булар – “стратегиялык өнөктөштүк”, “союздаштар”, “Кыргызстандагы саясий туруктуулук”, жана “өлкө учурдагы өлкө башчысынын айланасына биригүүсү керек”. Бул эң башкысы”, - дейт саясатчы.

Анын айтуусунда, стратегиялык өнөктөштөр жана ири аймактык державалар Кыргызстанда саясий туруктуулук болушуна кызыкдар.

“Татаал геосаясий жагдай – бул байлык. Ошондуктан менимче Путиндин сөздөрүн Россия Кыргызстандын учурдагы бийлигин жана өлкөнүн учурдагы президентин колдоп жатат деп түшүнөм”, - деп билдирди эл аралык иштер боюнча эксперт

Пикир

Оставить комментарий