• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Саясий серепчи: Туткундарды кармоо – укук талаасынан чыгуу

Коом 0

Бишкек, 08.08.19 /Кабар/. Мурдагы президент Алмабек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда күч түзүмдөрү менен Атамбаевдин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Бул окуя боюнча саясий серепчи Эдил Осмонбетов пикирин билдирди.

"Эч кимдин туткунга алуу укугу жок. Ал нерсе укук талаасынан чыгууда. Учурда Кыргызстандын саясий туруктуулугунун келечеги тууралуу маселе турат", - дейт ал.

Ал белгилегендей, атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери курал ок колдонгон эмес.

"Алар курал огун колдонгон жок да, болгону буйрукту аткарышты. Аларды кармоо - мыйзам бузуу. Мамлекет Кыргызстандагы саясий туруктуулукту жана демократияны сакташы керек. Ага биз гана эмес, коңшу мамлекеттер да кызыкдар", - дейт ал.

Эскерте кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операцияны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери жүргүзгөн.

УКМК белгилегендей, операция маалында желим октор колдонулган.

Пикир

Оставить комментарий