• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Саясий тандем болбойт, Кыргызстандын буга чейин мындай тажрыйбасы болгон – Умбеталиев

Саясат 0

Бишкек, 20.09.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандын тандем түзүү боюнча тажрыйбасы начар, Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун биригүүсү эмнеге алып келгендигин баарыбыз билебиз. Бул тууралуу коомдук ишмер Расул Умбеталиев “Кабар” агенттигинде өткөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, 17-сентябрда Жалал-Абад облусунда “Республика-Ата-Журт” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын лидерлери Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин жолугушуусу болгон.

Умбеталиевдин айтымына караганда, эгерде Бабанов президент болуп шайланса, анда ал Төрөбаевди премьер-министр кылып дайындай албайт. Себеби дегенде ал анын компетенттүүлүгүндө болбой калат.

“Иш жүзүндө бул жолугушуу такка отургузуу катары өттү, Бабанов – президент Төрөбаев-премьер болду. Эгерде алар өздөрүн ошентип жарыялап жатышса, анда шайлоо өткөрүүнүн кереги барбы. Анын үстүнө эки ай мурун эле биз өкмөттүн жаңы курамын жана жаңы премьер-министрди дайындадык. Анда Төрөбаев өкмөттүн курамына жана премьер-министр Сапар Исаковго макул добушун берген”,-деди Умбеталиев.

Анын айтымына караганда, премьер-министрди жана өкмөттүн курамын өзгөртүү үчүн мыйзамдын негизинде укук керек.

Эске сала кетсек, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт. Ага бардыгы болуп 13 талапкер ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий