• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Саясий же коомдук - конституциялык кеңешменин мүчөлөрү курултай институту кандай болорун чечүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Конституциялык кеңешменин "Мамлекеттик бийлик органдары" секциясынын мүчөлөрү курултай институтуна кандай ролду берүү керектигин кароодо. Бул тууралуу "Мамлекеттик бийлик органдары" секциясынын жетекчиси Болот Токтобаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Конституциянын жаңы долбооруна курултай институту коомдук уюм же саясий орган болорун белгилеп жазып коюу керек.

"Ошондой эле президенттин орду, статусу жана экономика, маданият, саясатта кандай ролу болорун карап жатабыз", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий