• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Саясый партиялардын шайлоо астындагы Кайрылуусу

Саясат 0

Бишкек, 13.10.17 /Кабар/. Бир катар саясый партиялар жакында боло турган президенттик шайлоого байланыштуу шайлоочуларга атайын кайрылуу жасашты. Ал кайрылууда мындай деп айтылат:

Саясий партиялардын кыргызстандыктарга кайрылуусу!

Урматтуу мекендештер!

Биз, Кыргызстандын бир катар саясий партиялары шайлоо алдында сиздерге кайрылабыз.

15-октябрда баарыбыз алдыдагы 6 жылда ким өлкөбүздү ары карай баштап кетет деген суроого жооп алабыз. Бул күнү Кыргызстан демократиялык, ачык шайлоо жолу менен бийликти алмаштыруу салтын бекемдеп, эл аралык кадыр-баркын бекемдейт деген үмүт бар. Тажрыйбага жана акыл-билимге толуп, эл ичинде рейтинги бийик турган Президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаев өзү баш болуп, шайлоонун ачык жана акыйкат өтүүсү үчүн бардык шарттарды түзүп берди. Кыргызстандагы шайлоо Борбор Азия регионунда башкаларга сабак жана үлгү болуп калмакчы. Ал эми Алмазбек Шаршенович Атамбаев регионго демократиялык салтты иш жүзүндө алып келген мамлекеттик ишмер катары тарыхта каларында күмөн жок.

Урматтуу агайын-туугандар, өзүңүздөр көрүп тургандай, шайлоо жарышында бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлдү – баары телеканалдар, башка массалык маалымат каражаттары аркылуу каалашынча чыгып, жер-жерлерде эл менен каалашынча жолугуп жатышат. Мурдагыдай эл менен жолугушууларына бут тосмой, телеэкрандан орун бербей коюу, баннерлерин өрттөө же айрып салуу деген көрүнүш жок.

Бирок, биз шайлоо күнү жакындаган сайын кырдаалдын курчуп баратканын, көпчүлүктүн шайлоо арты тополоңго айланбайбы деген кооптонуусуна күбө болуудабыз.

Бул биринчи кезекте айрым талапкерлердин добуштарды сатып алуу үчүн жер-жерлерде бүтүндөй түйүндөрдү уюштуруп жатканына байланыштуу. Сатып алуу фактыларынын алды ачыкка чыгып жатат.

Экинчиден, эгемен мамлекеттин шайлоосуна чет элдик олигархтардын кийлигишүүсү көпчүлүктү катуу иренжитти. Талапкер Ө. Бабановдун чет жердик олигархтар менен кездешүүсү, ага удаа казак президенти Н. Назарбаевге барып, колдоо алышы, талапкерлигин алып салган Бакыт Төрөбаевдин аудио жазуусу, дагы бир талапкер Темир Сариевдин казак олигархы Б.Үтөмуратов менен сүйлөшүүсү, Бабановдун жакын шакирти депутат К. Исаевдин жана башкалардын мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу аракеттеринин ашкерелениши биздин эгемендикке, демократияга урулган сокку болду, элибиздин намысын тебелегенге тете жорук болду.

“Өз элин агалай албаган бөтөндүн эшигин сагалайт” дегендей, эптеп эле жеңиш үчүн баарына барууга даяр, анын ичинде чет жерден кайыр сураганды намыс көрбөгөн саясатчылардан элибиздин көңүлү калды, алардын кылык-жоруктары чыккынчылык катары бааланууда.

Урматтуу мекендештер!

Элибизде “Эси жок жигиттин азабын эли тартат” деген сөз бар. Айрым талапкерлердин эгемен мамлекеттин шайлоосуна башка өлкөлөрдүн олигархтарын, жетекчилигин тартуусунун кесепети тийип жатат. Кыргызстан элинин жана жетекчилигинин ички иштерге кийлигишпегиле деген адилет чакырыгына жооп кылып, коңшу тарап чек ара режимин катаалдаштырды. Өтмө бекеттердин ары-бери жагында миңдеген адамдар, жүздөгөн автотранспорт топтолуп турат. Көптөгөн адамдар шашылыш ишинен калды, ишкерлер кирешелеринен кол жууду. Бул кимге керек эле? Эси жок саясатчынын жоругунун кесепетин ушинтип карапайым адамдар, ишкерлер тартып жатышат. Ушундан кийин аталган талапкердин Кыргызстанга мамлекет башчы болууга саясый-моралдык укугу деле калбай калды.

Урматтуу мекендештер!

Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман! Жакшы ниет менен башталган шайлоо жарышынын артын чууга айландырып, коңшулар менен мамилеге көлөкө түшүргөн талапкер Ө. Бабанов камчыны мойнуна салып, элден кечирим сураса болмок. Анткен жок. Андай жигитчиликке эрки, кайраты жетпеди. Мына ушинтип чуу салып, элдин эсин кетирип, кантип мамлекет башкарам деп жүрөт?!

Агайын-туугандар, биз президенттикке талапкерлерге мамилебизди өз добушубуз аркылуу билдирели.

Арам акчага, калп сөздөргө алданбайлы!

Эгемен өлкөбүздүн чет жердик олигархтарга басылышына жол бербейли!

Кыргызстандын эгемендиги, тынчтыгы жана туруктуу өсүп-өнүшү үчүн добуш берели!

Кол койгон партиялар:

- «Кыргызстан» парламенттик фракциясы,

- «Замандаш» партиясы,

- «Эмгек» партиясы,

- «Улуу Кыргызстан» партиясы,

- «Аруу Эл» партиясы,

- «Билим-Илим ордосу» партиясы,

- «Союз» партиясы,

- «Ак Санат» партиясы,

«Ала-Тоо Ынтымагы» партиясы,

«Калыс» партиясы,

«Табылга» партиясы,

Кыргызстанды бириктирүү мекенчил партиясы.

Пикир

Оставить комментарий