• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саймаити киши колдуу болгон жерден табылган унаа кимге таандык экени такталууда – ТИМ башчысы

Коом 0

Бишкек, 11.11.19. /Кабар/. Кытайдын жараны Айеркен Саймаити киши колдуу болгон жерден табылган унаа КРнын Башкы консулдуктун унаасы болгондугу текшерилүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

"Учурда текшерүү жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар көрүлөт", - деди министр.

Эскерте кетсек, 10-ноябрь күнү Стамбулда бизнесмен Айеркен Саймаити киши колдуу болгон. Ал ишкердин аты "Азаттык" радиосунун журналисттеринин иликтөөсүндө айтылып, ири акча каражатын сыртка чыгарууда Саймаитинин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов менен байланышы бар болушу мүмкүн экендиги сөз болот.

Пикир

Оставить комментарий