• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саймаитинин өлүмү: Депутаттык комиссиянын курамы өзгөрдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Күн мурун, 28-ноябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында “Жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 3364-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору кабыл алынды.

Ага ылайык, Жогорку Кеңеште 2019-жылдын 10-ноябрында Түркияда өлтүрүлгөн кытай ишкери Айеркен Саймаитинин айланасында болгон окуяларды иликтөө максатында түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын курамына өзгөртүү киргизилди. Анын курамынан чыгып кеткен КСДП фракциясынын өкүлү Искендер Матраимовдун ордуна Абтандил Кулбараков, «Бир Бол» фракциясынын өкүлү Алтынбек Сулаймановдун ордуна Жаныбек Бакчиев кошулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Ошентип, депутаттык комиссиянын курамы төмөнкүдөй болуп калды: КСДП фракциясынан – Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Джураев, Аалы Карашев, Абтандил Кулбараков, "Республика - Ата Журт" фракциясынан – Мирлан Жеенчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов, "Кыргызстан" фракциясынан – Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов, «Бир Бол» фракциясынан – Жаныбек Бакчиев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан – Тынчтык Шайназаров, "Ата Мекен" фракциясынан – Алмамбет Шыкмаматов.

Пикир

Оставить комментарий