• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Саймаитинин өлүмү: Түркия тарап Кыргызстанга керектүү маалыматтарды берет

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Түркия тарап кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу керектүү болгон маалыматтарды Кыргызстанга берет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, кечээ, 25-ноябрда Кыргызстандын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин ички иштер боюнча кеңешчиси Мехмед Татлы жана Түркия ИИМнин Кыргыстандагы өкүлү Тунжай Алян менен жолугушкан.

Жолугушууда тараптар бир катар маселелерди, анын ичинде Стамбулда жасалган кылмыш - уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин атып өлтүрүлүшү боюнча иликтөөнүн жүрүшүн талкуулашкан.

Министрликтен кошумчалашкандай, КР ИИМ башчысы Жунушалиев Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

"Тараптар укук коргоо органдарынын учурдагы эки тараптуу кызматташтыгына жогору баа беришип, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо максатында мындан ары күч-аракеттерди жумшай тургандыктарын баса белгилешти. Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү жөнүндө макулдашышты", - деп маалымдашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий