• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Саха элинин жазуучусу Платон Ойунскийдин "Улуу Кудангса" чыгармасы кыргыз тилине которулду

Коом 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Бүгүн "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында акын, драматург, котормочу Алтынай Темированын котормосунда жарык көргөн Саха жазма адабиятынын негиздөөчүсү, тилчи, адабиятчы Платон Ойунскийдин уламыш, аңгемелери киргизилген "Улуу Кудангса" аттуу китептин бетачары болду.

Анын айтымында, китепке Платон Ойунскийдин "Улуу Кудангса" деген белгилүү чыгармасы менен бирге "Сулайман даанышман", "Александр Македонский" деген эки аңгемеси киргизилген.

""Улуу Кудангса" - өтө татаал чыгарма. Ал Саха элинин шамандар дүйнөсүнүн кеңири ааламын ачып берет. Ал - Саха элинин дүйнө таанымынын ар бир катмарын, алардын элдик ишенимин ачып берген чыгарма", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий