• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сахалинде мыйзамсыз балык уулоого шектелип 14 кыргызстандык кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Сахалинде мыйзамсыз балык уулоого шектелип 14 кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, сима балыктарын уулоого шектелгендер Анив районунда кармалган.

“Окуя 31-майда болгон. Кыргызстандыктар балык кармоого үлгүрбөй калган. Алардын жабдыктарынын баары алынды”, - деп айтылат маалыматта.

Укук бузуулар боюнча материалдар полиция кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий