• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сахара кум чөлүндө кыргыз боз үйү курулду

Маданият 0

Бишкек, 1-март /Кабар/. 300 млн калкы бар араб дүйнөсүнө кыргыз маданиятын даңазалоо, таанытуу максатында шейх Саид Баюминин демилгеси менен экинчи боз үй курулду. Бул тууралуу Катардагы Кыргыз клаб уюмунун төрагасы Азүамат Кармышаков билдирди.

Буга чейин Катардагы Доха шаарында курулса, экинчиси Саудиядагы Жидда шаарына шейх Абдулла Йахя Хасандын короосуна курулду.

“Өтө кооз асемделип жасалган боз үйдүн архитектуралык стилине жана ысыкта ысыктан, суукта сууктан сактоочу касиетине таң калган араптардын кызыгуусу абдан зор болуп жатат. Боз үйдүн ичине киргенде абдан таң калышат, суктанышат. Өзгөчө түндүгүн ачканда асмандын көрүнүшү башкача сезим тартуулайт эмеспи, ошол кооздугу жана шамалды тосуп бүт тарабы жабык болгону, сырттагы ысыкта туруп ичине киргенде башкача бир салкын атмасфера абдан кызыктуу болуп жатат”,- деп билдирди Азамат Кармышаков.

“Ыраакы чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Кувейт, Бахрейн, Оман, Бириккен Араб Эмираттарынын бир топ шаарларына кыргыз маданиятын, жашоо турмушун чагылдырган боз үйдү курууну пландап жатабыз”, - деди Саид Баюми.

Белгилей кетсек, Саид Баюми кыргыз жараны, Эыргызстанда эл аралык “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясын” жетектейт.

Пикир

Оставить комментарий