• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сальма Хайек продюсер Вайнштейнди сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптады

Дүйнө 0

Бишкек, 14.12.17 /Кабар/. Америкалык киноактриса Сальма Хайек Голливуддагы көптөгөн башка актрисалардай эле продюсер Харви Вайнштейндин сексуалдык ыдык көрсөтүүлөрүнө кабылганын билдирди. Бул тууралуу ал "Нью-Йорк таймс" гезитине жарыяланган макаласында жазган.

"Ал көптөгөн жылдар бою асылып жүрдү. Акыры анын опузаларынан улам макул болдум", - деп жазган Хайек.

1990-жылдары актриса жетекчилеринин бири Вайнштейн болгон Miramax Films компаниясынын тасмаларына туруктуу түрдө тартылып келген. Макалада Хайек карьерасынын алгачкы жылдарындагы жардамы үчүн продюсерге ыраазычылыгын билдирип, бирок кийин ал «кыжырды келтирген» талаптарды кое баштаганын жазган. Анын айтымында, сүрөтчү Фрида Кало тууралуу тасманы тартуу маалында Вайнштейн ачык төшөк мамилелери көрсөтүлгөн көрүнүшкө тартылууну талап кылган. Хайек андагы ролун өтө маанилүү деп эсептегендиктен гана макул болгонун айтты.

"Фрида" тасмасы 56,3 миллион доллар киреше алып келип, «Оскар» сыйлыгынын алты номинациясын алган. Буга чейин Вайнштейнди ондогон аялдар сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыпташкан. Учурда сексуалдык зомбулуктарга байланышкан иштери тергелип жаткан продюсер бардык айыптоолорду четке кагууда.

Пикир

Оставить комментарий