• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салайдин Авазов: “Айрым партиялар бийликти гана ойлоп, элди унутушту”

Аймак 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракцияларынын депутаттары эл үчүн, шаар үчүн эмес, өздөрүнүн саясий гана кызыкчылыктарын ойлоп, шаарга кыйынчылык түзүп жатышат. Мындай пикирин шаар мэри Салайдин Авазов журналисттерге ачык билдирди.

Анын айтымында, бүгүн 10-мартта болуучу депутаттардын шаардык кеңешинин сессия жогорудагы аталган фракциялардын депутаттарынын сессияга келбей коюшунан улам болбой калды. Буга чейин да эки-үч жолу сессия ушундай эле себеп менен болбой калган.

“Депутаттар шайланарда элге көп убадаларды беришкен, силер үчүн, шаар үчүн иштейбиз дешкен. Бирок, мандат алышкан соң, дароо өздөрүнүн кууш саясий амбициясына өтүштү. Аларга шаардын мэринин жана шаар кеңешинин төрагасынын, муниципалдык кызматтардын креслосу гана керек экен. Азыр бизде тезинен ишке ашырылуучу көп долбоорлор шаар бюджети бекитилбеген себептүү токтоп турат. Мисалы, Ленин – Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишиндеги 22 миллион сомдук жер астынан өткөөл жасоо долбоору тезинен башталышы керек эле, аргасыз токтоп турабыз. Андан башка да бир нече миллиард сомдук долбоорлор бекитилсе, биз быйыл эле түз инвестицияларды алып келмекпиз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, шаардык кеңешке болуп өткөн шайлоолордо “Кыргызстан”, “Ата-Журт”, “Республика – Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, КСДП партиялары мандатка ээ болушкан. Адегенде “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт” жана “Республика – Ата-Журт” партиялары “Биримдик” көпчүлүк коалициясын түзүп, кийин ал ыдырап кеткен. Андан соң, КСДП, “Кыргызстан” жана “Республика – Ата-Журт” партиялары 18 добуш менен “Ынтымак” көпчүлүк коалициясын түзүштү. Бирок, коалициядагы депутаттардын добушу 21ге жетпеген себептүү шаардык кеңештин төрагасын, шаар мэрин шайлоого мүмкүн болбой жатат. Ал эми жалпысынан шаардык кеңеште 31 депутаттык мандат бар.

Пикир

Оставить комментарий