• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салайдин Авазов Жалал-Абад шаарынын мэри болду

Аймак 0

Ош, 23.11.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэриясында бүгүн шаардык мэрди шайлоо болуп өттү.

Шайлоого шаардык кеңештин VIII чакырылышынын 31 депутаты катышты. Шайлоо жарым саатка кечигүү менен башталды. Себеби “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын депутаттары 30 мүнөткө кеч келишти, калган депуттар өз убагында келишкен.

Жалал-Абад шаарынын мэрлигине эки талапкер ат салышты. “Ийгилик” көпчүлүк коалициясынан Салайдин Авазовдун, ал эми “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Майрамбек Адылбековдун талапкерлиги сунушталды.

Шайлоонун жүрүшүндө эки талапкер тең өздөрүнүн шаарды өнүктүрүү программалары менен тааныштырышкан соң, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан сунушталган талапкер өз талапкерлигин кайтарып алды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад шаарынын жаңы мэри болуп Салайдин Авазов шайланды. М.Адылбековго бир депутат өз добушун берген.

Пикир

Оставить комментарий