• 82.26
  • 85.05
  • 1.35

Саламат Садыковага ТҮРКСОЙдун «Ардак» ордени ыйгарылды

1513 кароо Маданият 0

Бишкек, 13-март /Кабар/. Жалпы Түрк дүйнөсүнүн алкагында жараткан өзгөчө чыгармачылык ийгиликтери үчүн жана 60 жашка чыккандыгына байланыштуу Кыргыз эл артиси Саламат Садыкова ТҮРКСОЙдун «Ардак» ордени (Onur nişanı) менен сыйланды. Бул тууралуу бүгүн Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Кулуев билдирди.

Анын айтымында, буйрукка Түрк маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дүйсен Касеинов үстүбүздөгү жылдын 10-мартында кол койгон. Орден Кыргызстанда тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий