• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Саламаттык сактоо мекемелерине жеке коргонуучу каражаттарын сатып алууга 300 млн сом бөлүндү − каржы министри

Экономика 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо мекемелерине жеке коргонуучу каражаттарын сатып алууга 300 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министри Бактыгүл Жеенбаева билдирди.

Ал коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында Саламаттык сактоо, Тышкы иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна республикалык бюджеттен канча каражат бөлүнүп жатканы тууралуу айтып берди.

“Саламаттык сактоо мекемелери жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду артыкчылыктуу тармак катары каржыланууда. Акыркы жумада ооругандардын саны көбөйдү. Ага ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тигил же бул багыттар боюнча өздөрүнүн божомолдорун жана керектөөлөрүн кайра карап чыгууда. Өткөн аптада сырттан алынган жардамдар тууралуу маалымат берилген. Ал боюнча маалыматтар берилип турат. Сырттан алынган жардам менен бирге коронавирус менен күрөшүү үчүн республикалык бюджеттен да каражаттар бөлүнүүдө. Өткөн аптада учурдагы кырдаалга байланыштуу кийинки төлөмдөр жасалды: Саламаттык сактоо тармагына 110,8 млн сом – анын ичинде медицина кызматкерлерине кенемте төлөмдөрү үчүн 17,8 млн сом жана ПЧР үчүн чыгымдык материалдарды сатып алуу үчүн 93 млн сом; Андан тышкары кычкылтек концентраторлорун, пульсоксиметрлерди сатып алууга 50 млн сом бөлүнгөн; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна медицина кызматкерлерине кенемте төлөмдөрү үчүн 91,7 млн сом, саламаттык сактоо мекемелерине жеке коргонуучу каражаттарын сатып алууга 300 млн сом. Ошондой эле өткөн аптада Өзгөчө кырдаалдар министрлигине обсервациялар үчүн 32,7 млн, Тышкы иштер министрлигине мигранттар менен иш алып баруусу үчүн 15 млн сом бөлүнгөн; Андан тышкары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине обсервациядагы жумуштар, тамак-аш менен камсыз кылуу, дезинфекция ж.б. үчүн 52,9 млн сом бөлүү каралууда. Бүгүнкү күнгө жалпы сумма 604,7 млн сомду түзүүдө”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий